Кутманованын уурдалды деген баласы Кыргызстанга депортацияланат
RU

Кутманованын уурдалды деген баласы Кыргызстанга депортацияланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу мурунку жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу - Кемелбек Кутманов Кыргызстанга жөнөтүлөрүн маалымдады.

Ушул тапта Кемелбек Кутманов департациялоо борборунда.

"Анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөндөн тартып Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана Ички иштер министрлиги түрк тарап менен тыгыз кызматташтыкта издөө жүргүздү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ал жаран табылып, учурда Түркияда депортациялоо борборлорунун биринде коопсуз абалда турат, жакын арада Кыргызстанга жиберилет. Башкы консулдук бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алганын билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13607