Гүлжигит Алыкулов: "Атам азыркы ийгилигимди көрсө - сүйүнмөк"
RU

Гүлжигит Алыкулов: "Атам азыркы ийгилигимди көрсө - сүйүнмөк"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун мурунку оюнчусу Гүлжигит Алыкулов.

Буга чейинки маекти ссылканы басып окусаңыз болот.

- Атаңыз азыркы ийгиликтериңизди көрсө кандай болот эле?

- Үйдө эстеп калабыз: өзүңүздөр деле билесиздер да - куудул болчу. Атам мен үчүн легендарлуу, улуу юморист. Ал менин чоң-чоң оюндарыма келмек, мактанмак, сүйүнмөк. Мен үйдүн эң кичүү баласы болуп калгандыктан мени абдан жакшы көрүп калды. Аны бары билишет. Атам гасторлго чыкканда балам кана деп бат-баттан чала берчү.

Бир атам тууралуу эскерүү бар. Ошол учурда мен кичинекей элем. Ошондо "эми медалдарымды кимге тагам?" деп айтканым бар. Азыр эми медалдарды апама, байкеме тагып калдым.

Эми, жалпы жетишкендигимди көрсө абдан башкача болмок, чынында. "Ай кел, балам, проектиме акча берчи", - деп тамашалап калмак,

Мен дагы жаш болуп, убагында кадыр-баркын биле алган жокмун. Азыр, эстеп атам жанымда болсо азыр кандай болмок деп өзүмө суроо берем. Өзүбүз деле үйдө эскерип, куран окутуп турабыз.

Алдыда Кыргызстандын "мыкты" футболчусу болсом - атамды эскерип, ошол ийгилигимди атама арнайм деген тилегим бар.

- Гүлжигит Алыкулов футболчу болбосо ким болмок?

- Футболчу болбосом деле спорттун башка түрү менен машыкмакмын го деп ойлойм.

- Чыгармачыл адам болуп кетемби деп ойлогом деп атпайсызбы? Балким, ырдайсыз, бийлейсиз?

- Жок, ырдабайм деле. Бирок, кичинекей кезде үйдөгүлөрдүн бары чыгармачыл адамдар анан гастролдоп эле жүрүшчү да. Мен деле чыгармачыл болсом керек деп койчумун. Азыр башка кесипти мен үчүн ойлонуш абдан кыйын. Өзүмдү футболдон эле көрөм.

Балким, футболду тандабасам күрөшкө же бокско бармакмын.

- "Кайрат" клубуна келсек. Клубдун мурунку башкы машыктыруучусу Алексей Николаевич менен сиздин мамилеңиз жакшы болчу деп айтышчу эле. Чынында эле, мурунку оюндарды карасак сиз негизги курамда ойночу экенсиз. Кийин башкы машыктыруучу алмашканы, дээрлик негизги оюндарда көрүнгөн жоксуз?

- Ооба, мен Белоруста ойноп жүргөндө Алексей Николаевич өзү чакырган. Анын тактикасы мага абдан ылайыктуу болчу.

Алексей Николаевич кеткенден кийин, Кирил Сергеевич келген. Ал биздин эле Кыргызстанда төрөлгөн эле машыктыруучу болчу. Бирок, Казакстанда жашап, ошол жакта ойноп калган. Анын көз карашы, тактикасы башкача болчу окшойт.

Бирок, ошондой күндөрдө деле чөкпөй, өзүмдү көргөзгөнгө аракет кылып жаттым. Ал убакта аябай жакшы оюнчулар бар болчу.

Негизгиси, кыргыз-казак деп бөлүнгөн жокпуз. Жергиликтүү футболчулар да мени абдан жакшы колдошчу. Дагы деле көп балдар менен жакшы сүйлөшөм. Мени бөлүшкөн жок. Тескерисинче, инстаграммдан күйөрмандар баракчаларды ачып, моралдык да колдоо аябай жакшы болчу.

- Гүлжигит Алыкуловдун сүйлөшкөн кызы барбы? Ага кандай кыздар жагат?

- Жок, сүйлөшкөн кызым жок. Мурун, мектепте окуп жүргөндө катуу сүйбөсөм, азыр эч кимди сүйбөйм. Азыр мамиле курууну ойлонбой элемин. Бир буюрган күн келет да. Азыр футбол, спорт эле оюмда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13609