Көлдөгү эки адамдын өлүмү. Катердин айдоочусунун бөгөт чарасы тандалды
RU

Көлдөгү эки адамдын өлүмү. Катердин айдоочусунун бөгөт чарасы тандалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Атада этиятсыздыктан улам 2 адамды өлүмгө алып келген катердин айдоочусунун бөгөт чарасы тандалды. Ысык-Көл облустук сотунан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, шектүү 2 ай ата-энесинин карамагында болот.

26-июлда Ысык-Көл раойондук соту өспүрүмдүн бөгөт чарасын тандады.

"Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү 127-берене менен айыпталган К.А.К.ны камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирген, сот анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим айыпталуучунун жашы жете электиги, туруктуу жашаган жери, документтери бар экендиги, факты этиятсыздыктан жасалган кылмыштардын катарына кирери, ошондой эле жабырлануучу тарап ачык айыптоодон баш тартканын эске алуу менен кабыл алынды. Жашы К.А.К. мыйзамдуу өкүлүнө (ата-энесине) 2 айга өткөрүлдү", - дешти соттон.

Эске салсак, 23-июлда Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну эс алуучуларды "Таблетка" аттракционуна түшүрүп, өтүп бара жаткан теплоходду байкабай, аны менен кагышкан. Кагылышуудан улам эки эс алуучу алган жаракатынан улам райондук ооруканада көз жумган, үчүнчү эс алуучу дарылануусун улантууда.

Фактынын негизинде катердин айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13669