Төрөттө ийини сынды деген ымыркай менен апасы Бишкекке которулат
RU

Төрөттө ийини сынды деген ымыркай менен апасы Бишкекке которулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөлгөн наристенин ийини сынып, мээсине кан куюлганы кабарланган. Бүгүнкү күндө эне менен баланын абалы турукташып калды. Бул туурасында көз жарган келиндин жолдошу Аман Кыдыралиев Kaktus.kg сайтына билдирди.

Айтымында, тиешелүү органдар анын кайрылуусун кабыл алган.

"Учурда жубайым менен баламдын ден соолугу жакшы. Баламдын акырегиндеги таңуусу чечилди. Дүйшөмбү күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна которобуз дешти, дарылануусу уланат", - дейт ал.

Белгилесек, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын ийини сынган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анда оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басарын дисциплинардык тартипке чакыру жана акушер-гинекологдун, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн жетекчисинин, төрөттү кабыл алган медперсоналдын кызматка ылайыктуулугун карап чыгуу сунушталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13978