Суу чарба кызматы: Казакстандын суу маселеси боюнча кыргыз тарапка доосу жок
RU

Суу чарба кызматы: Казакстандын суу маселеси боюнча кыргыз тарапка доосу жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй коңшу өлкөгө суу берүүнү токтотууга байланыштуу деген пикирлерге комментарий берди.

Анын айтымында, Казакстан сууну келишим боюнча алып жатат. Келишимге ылайык, коңшу тарап Чу дарыясынан 20%, Киров суу сактагычынан 70% лимит менен суу алат. Сокеев белгилегендей, учурда Кыргызстан Киров суу сактагычы боюнча келишимдеги милдеттерин толугу менен аткарды. Лимит 5-августка чейин эле бүткөн.

"Азыр биз суубузду үнөмдөп, өзүбүздүн гана дыйкандарга берип жатабыз. Мен казак тарап менен сүйлөштүм, алардын эч кандай дооматы жок. ЖМКларда суу берүүнү токтотуу боюнча так эмес маалымат чыгып жатат", - деди ал.

Алмазбек Сокеев айткандай, Казакстан чек арадагы маселе боюнча расмий версиясын айтты, бирок чыныгы мотив кыргыз тарапка белгисиз.

"Биз алардын позициясын 100% биле албайбыз. Мен казак тараптын мага айткан маалыматын бердим. Балким аларда себеп бардыр. Кечээ казакстандык кесиптешим менен сүйлөшсөм, ал расмий себеп суу эместигин айтты. Ал эми чыныгы себеп эмне экенин билбейбиз. Бирок биз өзүбүздүн милдеттерди так аткарып жатабыз", - дейт.

Белгилесек, 20-августтан бери кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Айдоочулар казак тарап өткөрбөй жатканын айтып нааразы болушууда. Алардын пикири боюнча, унааларды өткөрбөөнүн себептеринин бири - Кыргызстан коңшу тарапка суу берүүнү токтотконуна байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14082