Кыргыз-казак чек арасында топтолгон фуралар боюнча ЕЭК комиссиясы келди
RU

Кыргыз-казак чек арасында топтолгон фуралар боюнча ЕЭК комиссиясы келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды талдоо үчүн Кыргызстанга Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы келди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдиргенин "Азаттык" жазды.

"Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы келери жөнүндөгү кабардан кийин абал бир аз жакшырып калганын байкадык. Азыр бир саатта 10 машине кое берип жатат.

Казакстан тараптын машинелерди кармап, жай киргизип жатканынын так себеби белгисиз. Казакстандын мындай аракети биримдиктеги келишимдерге дал келбейт", - деди Малаев.

Эске салсак, Кыргызстандын чек ара кызматы 24-август саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги тыгында турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат таратып, анда "Ак-Тилек" бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны менен бөлүшкөн. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилейт.

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерден айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет. Андан тышкары, тургундар жергиликтүу башкаруу органдары менен биргеликте айдоочуларга тамак аш, суу таратып жатат.

Эске салсак, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын тыгыны 20-августтан башталган. Ал жакта кезек күтүп жаткан айдоочулар суу маселесинен улам Казакстандын бийлиги мындай кадамга барып жатат деп эсептешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14093