Энергетика министринин орун басары: Газ кымбат, бирок электр энергиясына караганда арзан
RU

Энергетика министринин орун басары: Газ кымбат, бирок электр энергиясына караганда арзан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бизде суу ресурстары тартыш жана электр энергиясы чектелүү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, азыр Министрлер кабинети менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аймактарды газдаштырууга көмөктөшүү үчүн ири суммадагы каражат бөлүнүүдө.

"Биз электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүнү пландап жаткан жокпуз, ар бир үйдө электр жарыгы болушу керек, бирок керектөөчүлөрдө көмүр да болушу керек. Газ тармактары бар жерде электр менен жылытууга толук тыюу салып, бардыгын газ менен жылытууга өтүүнү сунуштайбыз. Газ кымбат, бирок электр энергиясына караганда арзан", - деди министрдин орун басары.

Байгазиевдин айтымында, алар буга чейин "Газпром" компаниясы менен маселени чечип, азыр РСК Банк калкка газ от казандарын сатып алуу жана үйлөрдү газга кошуу үчүн жеңилдетилген насыяларды берип жатат.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда монтаждоо, от казандарды орнотуу жана газ менен камсыздоо менен алектенген 40ка жакын ишкана бар. Өндүрүлгөн жана импорттолгон электр энергиясы күз-кыш мезгилин жабууга жетет, ал эми керектөө күчөгөн маалда электр менен жылытууга жетпейт.

Министрдин орун басары 2023-жылы Энергетика министрлиги 17 млрд кВт саат электр энергиясын бөлүштүрүүнү пландап жатканын, 2024-жылдын март-апрелине чейин Түркмөнстан менен Россиядан электр энергиясын импорттоо боюнча тышкы жеткирүүчүлөр менен келишимдер бар экенин жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14342