Ишкер Абдыкерим Шаршенбековдун камакка алынышы боюнча жактоочусу комментарий берди
RU

Ишкер Абдыкерим Шаршенбековдун камакка алынышы боюнча жактоочусу комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аю" холдингинин ээси Абдыкерим Шаршенбековдун жактоочусу Акылбек Кунакунов козголгон кылмыш иши боюнча Kaktus.media сайтына комментарий берди.

Айтымында, буга чейин "Алкоголду жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында Шаршенбековго өзүнчө иш ачылган.

"Тергөөнүн купуялуулугу үчүн мен иштин чоо-жайын айта албайм. Шаршенбековго кылмыш иши козголгон. Андан тышкары заводдун дагы 4 кызматкерине иш ачылган. Алгач "Токмок Буллз" ЖАКтын башкы директору А.А., спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы М.Т. жана башкы технолог И.А. кармалган. Кийинчерээк башкы эсепчи кармалган.

Бүгүн, 12-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы жогорудагы 4 кызматкерди 20-октябрга чейин СИЗОго камакка алуу чечимин кабыл алды. Аларга Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айып тагылган", - деди ал.

Шаршенбеков күнөөсүн моюнга алабы же анын кылмыш ишин кандайдыр бир кысым деп эсептейби, жокпу бул боюнча жактоочу комментарий бере албай турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14368