Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды
RU

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Гүлнара Баатырова мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.

Эске салсак, 7-сентябрда Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлүп, 13-сентябрда депутаттар Баатырованы министр кылып дайындоого макулдук беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14392