Мурдагы аялын кескилеген кишиге пробациялык көзөмөл колдонгон соттун аракети каралат
RU

Мурдагы аялын кескилеген кишиге пробациялык көзөмөл колдонгон соттун аракети каралат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Селекция айылында мурдагы аялынын кулак, мурдун кескен киши бул кылмышка чейин зордуктоого айыпталган. Бирок сот ага карата пробация колдонгон. Буга байланыштуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жогорку Сотттон билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө судьянын аракеттерине баа берүү маселеси каралды.

Маалым болгондой, былтыр А.Эге карата зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Иш тергелип сотко өткөн. Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрдагы токтому менен жабырлануучунун жазуу түрүндө берген тосмо арызы, сот отурумунда тараптардын элдешкендиги жана жабырлануучунун доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.

Андан кийин А.Эге карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун улгайган, көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаждыгын, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин эске алып, Кылмыш-Жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген.

Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген.

Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет дешет Жогорку Соттон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14513