Мунапыс колдонулса канча соттолуучу эркиндикке чыгары белгилүү болду
RU

Мунапыс колдонулса канча соттолуучу эркиндикке чыгары белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "КРнын Конституциясын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилге депутат Жусупбек Коргонбай уулу тарабынан демилгеленген.

Жусупбек Коргонбай уулу белгилегендей, мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазадан бошотуу сунушталат:

  • 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;
  • жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;
  • анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды;
  • жалгыз бой эне болуп саналган аялдарды;
  • көп балалуу аялдарды;
  • ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жете электерди бошотуу сунушталат.

Бул жобо төмөнкү беренелер боюнча кылмыш жасаган адамдарга жайылтылбайт:

  • "Киши өлтүрүү";
  • "Зордуктоо";
  • "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер";
  • "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо";
  • "Он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнаш жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер";
  • "Ыплас иш-аракеттер";
  • "Террордук акт";
  • "Барымтага алуу";
  • "Мыйзамсыз куралдуу топту уюштуруу же ага катышуу";
  • "Кылмыштуу жамаатты (кылмыштуу уюмду) уюштуруу";
  • "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатуу";
  • "Сойкулукка тартуу";
  • "Жашы жете элек адамды порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды жасоо менен байланышкан иштерге, ошондой эле аткаруучуларды порнографиялык мүнөздөгү иштерге катышууга тартуу";
  • "Мамлекеттик чыккынчылык";
  • "Тыңчылык кылуу";
  • "Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу";
  • "Куралдуу көтөрүлүш";
  • "Коомдук конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктар";
  • "Улуттук (улуттар аралык), расалык, диний же региондор аралык кастыкты козутуу";
  • "Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу";
  • "Коррупция";
  • "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу";
  • "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу";
  • "Кыйноо";
  • "Мыйзамсыз баюу";
  • "Пара талап кылуу";
  • "Пара алуу";
  • "Геноцид";
  • "Экоцид";
  • "Жалданмачылык";
  • "Эл аралык коргоого алынган адамдарга же мекемелерге кол салуу."

Жусупбек Коргонбай уулу кошумчалагандай, бул норма издөөдө жүргөндөргө да жайылтылбайт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса 960 айыпталуучуга ырайым кылынат, ал эми 1025 соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү кыскарышы күтүлөт.

Талкуу маалында Жогорку Кеңештин комитет төрайымы Чолпон Султанбекова Министрлер кабинети бул мыйзам долбоору боюнча өз корутундусун бере электигин маалымдады. Министрлер кабинетинин өкүлү мындай корутунду бериле турганын убадалап, бирок ал оң же терс болорун айта алган жок. Ал эми эл өкүлү Чынгыз Ажибаев Министрлер кабинети мыйзам долбоорлору боюнча 1 айдын ичинде корутундусун бериши керектигин белгилеп, мындай кечеңдөөнүн себептерин тактады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14556