Бишкектеги тез татым жайларына рейд жүрүүдө. Кандай бузуулар аныкталды? Видео
RU

Бишкектеги тез татым жайларына рейд жүрүүдө. Кандай бузуулар аныкталды? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги тез татым жайларында 1-октябрдан бери пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чара шаурмадан массалык уулануу катталгандан кийин колго алынды.

Текшерүүгө себеп болгон массалык уулануу

1-октябрда Бишкектеги Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Беш лаваш" жана "Мидос" тез тамактануучу жайларынын кардарлары массалык ууланган. Алгач 21 адам уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылып, 15 адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Эртеси уулангандардын саны өсүп, 3-октябрга карата жалпы саны 71 адамга жетти. 36 бейтап дарылануу үчүн ооруканада калса, калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.

Тиешелүү кызматтар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар

Массалык уулануудан кийин "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында текшерүү болуп, белгиленген мыйзам бузуулар үчүн 72 миң сом айып салынды. Андан тышкары бузуулар жоюлганга чейин жабылды.

Бул окуяга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев реакция кылып, Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда чукул жыйын өткөрдү. Ал борбордун кызматкерлерине бардык тез тамактануучу жайларда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Пландан тышкары текшерүүлөрдүн жүрүшү жана аныкталган мыйзам бузуулар

Рейд Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Күнүнө 9 топ текшерүүгө чыгууда. 4 күндүн ичинде алар 71 объектти текшеришти. Мыйзам бузуулар үчүн 21 тез тамактануучу жай убактылуу жабылды. Ал эми 65 тез татым жайы ар кандай эреже бузгандыгы аныкталып, жалпы 931 миң айып салынды.

Kaktus.kg санитардык адистер менен чогуу рейдге катышып, мыйзам бузуулар менен жеринен таанышып кайтты.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Динара Бекбасарова белгилегендей, бардык тез татым жайларындагы эки азыктан үлгү алынат. Алар: эт жана соус (майонез, кетчуптун жарактуу мөөнөтү да текшерилет).

- Бишкектеги "Беш Лаваш" жана "Мидос" фастфуд жайларынан шаурма жегенден кийин массалык уулануу катталганына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бардык тез татым жайларын текшерүү боюнча кат жана буйрук чыккан. Биз тараптан рейд жүргүзүлүп жатат.

Азыр Октябрь районундагы бир түйүндө текшерүү жүргүздүк. Бир катар бузуулар аныкталды. Анын ичинде жумушчулардын медициналык китепчесинин мөөнөтү өтүп кеткен. Бул Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 80-беренесин сактабаган деп саналат. Биз бул үчүн айып салдык, айып тез татым жайы кимдин атына катталган болсо ошого салынды.

Пландан тышкары текшерүүдө лабораториялык изилдөө үчүн даяр азыктан эки үлгү алынды. Ошондой эле санитардык текшерүү жүрдү деген акт жана бузуу катталганы боюнча протокол түзүлдү. Анализдер 10 күндүн ичинде чыгат. Эгер жыйынтык терс чыгып, кандайдыр бир патогендик микроорганизмдер аныкталса биз тиешелүу чараларды көрүп, айып салабыз.

Жумушчуларга медициналык текшерүүдөн өтүүгө багыттама берилди. Бир күнү объектти жаап, тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча эскертүү алышты.

Аталган райондогу дагы бир тез татым жайына барганыбызда одоно мыйзам бузуу аныкталды. Санитардык дарыгер белгилегендей, технолгиялык процесстин, техникалык регламенттин бузулушу боюнча протокол түзүлөт.

- Тез татым жайдын жетекчисине КРнын Бузуулар кодексинин 214-берененин 5-бөлүгүнүн негизинде айып салынат. Бул 230 эсептик көрсөткүч (23 миң сом). Жумушчулардын медициналык кароодон өткөндүгү боюнча медкитепчелери бар экен, толук өтүшүптүр. Азыр документтерди: коштомо кагаздарды, сертификаттарды, ветеринардык маалымкаттарды, декларацияга шайкештиги боюнча беришти, мен баарын текшерип чыгам.

Коомдогу нааразычылыкка санитардык-эпидемиологиялык борбордун түшүндүрмөсү

Коомдо уулануу катталганга чейин тамактануу жайларын алдын ала текшерип койсо болбойт беле деген нааразычылыктар айтылууда. Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамга ылайык, пландуу текшерүүлөр стратегиялык пландарга ылайык, жылына бир жолу, көрсөтмөлөр алдын ала бекитилгенден кийин жүргүзүлөрүн билдиришти.

"Пландан тышкаркы текшерүүлөр паспорттук маалыматтар көрсөтүлгөн каттар, даттануулар, арыздар же электрондук суроо-талаптар келип түшкөндө ("Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык) Экономика министрлиги менен макулдашылгандан кийин жүргүзүлөт", - деп белгилешти адистер.

Жаңыдан түзүлгөн ишкердик субъекттерин текшерүү юридикалык жак же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып үч жыл бою жүргүзүлбөйт.

Ал эми адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоого байланыштуу учурларда (массалык жугуштуу эмес оорулар (уулануулар) жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу даттануулар) текшерүүлөр Экономика министрлиги менен макулдашуусуз жана күтүүсүз жүргүзүлүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14644