Бишкекте 36 тез татым жайына айып салынды. Бир канчасы жабылат
RU

Бишкекте 36 тез татым жайына айып салынды. Бир канчасы жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тез татым жайлары текшерилип, 10 түйүндү жабуу чечими кабыл алынды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-2-октябрь күндөрү Бишкектеги тез татым жайлары текшерүүгө алынган. Жалпы 37 тамактануучу жай текшерилип, даяр азыктардан лабораториялык текшерүүлөр үчүн үлгүлөр алынды.

36 тез татым жайында санитардык талаптардын бузулганы аныкталып, протокол түзүлүп, айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 568 миң сом. Ошондой эле 10 тез татым жайындагы эреже бузуулар жоюлганга чейин тамактануу түйүндөрү жабылат.

Белгилесек, 1-октябрда Бишкектин Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайларынан шаурма жеген 21 киши ууланып, анын ичинен 15 адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. 2-октябрга карата жабыркагандардын саны 62ге жеткен.

Тез татым жайларынын ээлерине 72 миң сом айып салынып, кемчиликтери жоюлганга чейин жабылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: businessxxl.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14632