"Авангард стиль" курулуш компаниясынын директору СИЗОдон чыкты
RU

"Авангард стиль" курулуш компаниясынын директору СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча кармалган "Авангард стиль" курулуш компаниясынын директору Эрнис Минкеев СИЗОдон чыкты. Мындай маалыматты Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 31-октябрда Октябрь райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Э. Минкеевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Эске салсак, Эрнис Минкеев 9-октябрда кармалып, 4-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14896