Аялга зомбулук көрсөткөнгө шектелген American School`дун мурдагы директорунун иши токтоду
RU

Аялга зомбулук көрсөткөнгө шектелген American School`дун мурдагы директорунун иши токтоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чогуу жашаган аялды сабап, колуна үтүк басып, андан соң зордуктаганга шектелген American School`дун мурдагы директоруна козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Белгилүү болгондой, 1985-жылы туулган Э.У`га карата "Зордуктоо" боюнча козголгон кылмыш иши 26-октябрда өндүрүштөн кыскартылган. Жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, элдешкен. Буга байланыштуу шектүү сот залынан бошотулган.

Белгилесек, зомбулукка кабылдым деген келин акыйкатчыга кайрылган. Бул маселе боюнча Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын жабырлануучунун укуктарын камсыздоого чакырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14899