"Аламүдүн" базарындагы соодагерлер да митингге чыгышты
RU

"Аламүдүн" базарындагы соодагерлер да митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда "Аламүдүн" базарынын соодагерлери да митингге чыгышты. Алар бийликтен патент менен иштөөгө уруксат берүүнү жана кассалык машиналарды колдонуу милдеттенмесин жокко чыгарууну талап кылышты.

Соодагерлердин нааразычылыгына "Дордой" жана Кара-Суу базарындагы ишкерлерге 2024-жылдын 1-январынан тарта контролдук-кассалык машиналарды, ЭСФ (электрондук эсеп фактурасы) жана ЭТТН (товардын транспорттук коштомо кагазы) колдонуудан бошотуу себеп болгон.

Буга чейин, 29-ноябрда Ош облусунун "Кара-Суу" базарында иштегендер ККМ аппараттарын колдонууга каршы митингге чыгышкан. 30-ноябрда "Дордой" базарынын бир катар соодагерлери да нааразычылыгын айтып чыгышкна. Ишкерлер патент системасын калтырууну талап кылышкан. Ушундай эле талап менен "Мадина" жана "Орто-Сай" базарларынын соодагерлери да митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15062