"Президентти колдоп коелу". Желектин дагы бир автору Эдил Айдарбеков эмне дейт?
RU

"Президентти колдоп коелу". Желектин дагы бир автору Эдил Айдарбеков эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Желекти өзгөртүү боюнча спикер Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примовдун демилгеси коомдо кызуу талкууга алынып, көпчүлүктүн айыптоосуна кабылды. Коомчулук арасында нааразычылык жараткан желекти өзгөртүү сунушуна каршы митинг болду. Элди оюн айтууга чакырган, желекти өзгөртүүгө каршы активист Автандил Жоробеков кармалып, 48 саатка камалды.[/url] Парламент мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

"Президент чет мамлекетке чыкканда шылдыңдап жатышыптыр..."

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин кабыл алынган желектин авторлорунун катарында архитектор Эдил Айдарбеков да бар. Ал азыр желекти өзгөртүүнү президент айтып, чет өлкөгө чыкканда күн карама айдайсыңарбы деп сурап, шылдыңдап жатышат деп айтканын кошумчалады.

"Эми президент айтып жатса: тигил жакта элдин бары "чемичке" деп жатат десе, анан биз да уктук да. Кичине аны сыйлап, ошону оңдоп коелу кичине, мейли деп макул болуп жатпайбызбы. Японияга барса ошол жактан дагы айтышыптыр. "Эмне, күн карама менен оокат кыласыңарбы?" деп, аны көп айдайсыңарбы дептир.

Бирок, ошого деле өзү жооп берип койсо болмок да.

"Чемичкенин" эмнеси жаман? Анын өзү эмес да, гүл болуп жатпайбы? "Чемичкенин гүлү" - ал деле гүл да, роза деле гүл, гүлкайыр деле гүл. А күн караманын гүлү гүл эмеспи?", - дейт ал.

"Легендарлуу парламент кабыл алган тууну калыбына келтиришибиз керек"

Эдил Айдарбеков желекти бекиткенде чиймеси менен бергендерин айтып, ошол учурда жасалган негизги үлгү Ак үй өрттөлгөндө күйүп кеткенин кошумчалады.

"Азыркы тартылган желектер баштапкы үлгүгө окшобойт. Туура эмес тартып коюп, ушул убакка чейин оңолбой жүрөт. Негизи, мурун эле оңдош керек болчу.

Түндүктөн кийин эле ийри жалбырактар чыгып жатат. А биздики андай эмес болчу. Текшерген киши жок. Эч ким карабаптыр.

Президентте дагы, Жогорку Кеңеште дагы туура эмес желек илинип турат. Өздөрү Кытайга буйрутма беришет. Ким жасаганы белгисиз. Биз ошол биринчи парламент кабыл алганды ордуна коюп койгула деп жатабыз!

Элдин барынын башы чаташып жатат! Айта берсе бары бирдемеге окшой берет. Тикенек эмес, нур деген түз болот, негизи", - деди ал.

Эдил Айдарбеков Легендарлуу парламент кабыл алгандай кылып желекти калыбына келтирүү керек деп эсептейт. Бирок, ал күндүн нурларын президент сунуштагандай түз кылып койсо деле болот дейт.

"Түз болсо болот. Бул деген символика. Символикада "допускать" этип койсо боло берет. Күндүн нурун элестетсе болду.

Эл оозунда элек жок дейт. Биз күндүн же боз үйдүн сүрөтүн тартканыбыз жок. Биз символ жасап жатабыз. Ал (желектин нурлары - ред kaktus) түз болсо деле боло берет. Негизги идеябыз ордунда турат да. Эч нерсе кошпойбуз, болгону күндүн нурларын түз кылып коебуз", - деди авторлодун бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15128