Садыр Жапаров журналисттерге эмнеге маалымат жыйын өткөрбөй турганын айтты
RU

Садыр Жапаров журналисттерге эмнеге маалымат жыйын өткөрбөй турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Садыр Жапаров быйыл да жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрбөй турганы маалым болгон. Мунун себебин мамлекет башчы "Кабар" агенттигине берген маегинде түшүндүрүп, бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган, интрига жаратуучу суроолорго ыктайт деп билдирди.

"Негизи эле Курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен.

Ооба, мен деле башында мурдагы мамлекет башчыларындай болуп, журналисттерди чогултуп, маалымат жыйын өткөрүп көрдүм. Жогоруда айтканымдай, 3 саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, менин да, журналисттердин да убактысы текке кетти.

Муну азыр деле архивдерди көтөрүп карап көрсөңүздөр болот. Жалпысынан "тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз" деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча журналисттердин убактысын коротпой эле алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз", - дейт.

Садыр Жапаров коомдогу курч көйгөйлөргө жооптор берилип жаткандыктан маалымат жыйын үчүн өзүнүн да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок деп эсептейт.

"Курултай Конституцияда белгиленген, жыл сайын шайланып келген делегаттарга маалымат беришим керек. Мына ошол жерде өлкөдө эмне иштер жасалып жатат, эмнелер пландалууда баарын камтууга аракет кылам. 2 жылдан бери өзүңүздөр күбө болуп келаткандай, эки күн бою айтылган бардык суроолордон кийин, жыйынтыгында кенен-кесири жооп берип жатабыз. Ошол жерден журналисттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алат деп ойлойм. Ошол жетиштүү деп эсептейм".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15151