Садыр Жапаров Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчисин дайындады
RU

Садыр Жапаров Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчисин дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элдик Курултайдын катчылыгынын башчылыгына Мыктыбек Абдылдаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, аталган дайындоо боюнча жарлыкка Элдик Курултайдын улуттук кеңешинин 15-декабрдагы отурумунун протоколунун негизинде президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске сала кетсек, II Элдик Курултай 15-16-декабрда Бишкек шаарында өткөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат жана чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15229