"Кыргыздарга бийлик эле керек, э?". Президент курултайдын мөөнөтү тууралуу
RU

"Кыргыздарга бийлик эле керек, э?". Президент курултайдын мөөнөтү тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттардын кайрылуулары боюнча жооп берип жатып, курултайдын делегаттарынын иштөө мөөнөтүн бир жылдан үч жылга узартуу сунушуна комментарий берди.

"Бизге, кыргыздарга бийлик эле керек, э? (күлүп) Күбөлүк керек, мандат керек. Анан, барып туруп, жергиликтүү калкты кызылдатып (башкарып - ред kaktus) туруш керек. Жеке маселелерди чечиш керек дегендей. Мындай да, мен жаңы президент болуп келгенде менден күбөлүк сурагандар болду. Биз коомдук башталгычта жардам берелик дегендер көп болду. Анан, элдер көпчүлүгү, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер коомдук башталгычта дегенди түшүнбөйбү дейм да. Күбөлүгүн көтөрүп барып эле: Мына, мен президенттиин кеңешчиси же жардамчысы, бирөөнү кызматка кой десе эле коркуп, кызматка кое берет экен. Анан мен барын жок кылып салдым. Мындай болбойт экен. Кыргыздар аша чаап кетет экенбиз деп.

Мына силер сунуштап жаткан мыйзам Жогорку Кеңештин компетенциясына кирет. Мен курултайды мыйзамдуу кылып өткөрүш үчүн, депутаттардан суранып жатып араң кабыл алдык. Алар: курултайчылар Жогорку Кеңештин укугунун барын жазып, ЖК болуп алыптыр деп жатышат. Ошол үчүн курултайчыларды да чыкырып сүйлөштүм, алгач мыйзамдаштырып алгыла деп. Албетте мыйзам чийки, иштеш керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15142