Депутат Эмил Жамгырчиев: Катты көрө элекмин, бирок, барын сессияда айтам
RU

Депутат Эмил Жамгырчиев: Катты көрө элекмин, бирок, барын сессияда айтам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эмил Жамгырчиев 17-январда Парламенттин жыйынында өзүнө байланыштуу маселени көтөрөт. Бул тууралуу эл өкүлү Азаттыкка маалымдады.

Депутат атайын кызматка суракка барганга чейин кайда болгонун, эмне үчүн парламенттин имаратынан качып кеткенин да ошол жыйында айтарын белгиледи. Ал өзбек кримтөбөлүнө жазылган кат тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

"Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда бергем. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келе жатат. Катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. 17-январда эмне болуп жатканын сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот", - деди Жамгырчиев.

Эске салсак, депутаттар 10-январда кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришкен. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да катышып, Жамгырчиев камалбайт деп убадалаган. Бул жыйын эл өкүлү Ак үйдүн 2-кабатынан секиргенден кийин өткөн.

Жамгырчиев өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15308