Тик учак кырсыгы. Курман болгон капитандын сөөгү жерге берилди
RU

Тик учак кырсыгы. Курман болгон капитандын сөөгү жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарында авиакырсыктан курман болгон капитан Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнаты митинг-реквием менен башталып, ага Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчилиги, башкаруу органдарынын башчылары, капитан Ж.Самудиновдун куралдаштары, ошондой эле туугандары жана жакындары катышты.

Коргоо министрлиги берген маалыматка ылайык, капитан Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкек шаарында туулган. 2001-2010-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы №73 орто мектепте жана Сокулук районундагы Орок айылында окуган. Ал ошондой эле Бишкек шаарындагы заманбап маалыматтык технологиялар институтунда билим алган. 2013-жылы Россия Федерациясынын Сызрань шаарындагы Аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-илимий борборунун филиалына тапшырып, аны 2018-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Жогорку аскердик окуу жайын аяктагандан кийин Куралдуу Күчтөрдүн катарында ар кандай командалык кызматтарда кызмат өтөгөн.

*****

17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулап, кырсыктан 11 адам жабыркап, экипаждын бир мүчөсү каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15349