Ырчы Нурчолпон маданияттын мыкты кызматкери болду
RU

Ырчы Нурчолпон маданияттын мыкты кызматкери болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, композитор Нурчолпон "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы менен сыйланды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен ырчыгы сыйлык бүгүн, 9-февралда тапшырылганын маалымдашты.

Сопрано ырчысы, көп жанрлуу жана полиглот аткаруучу, жаш композитор Нурчолпонго министр Алтынбек Максутов "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.

Министр ырчынын маданият жаатында жасап жаткан эмгектеринен, жараткан жетишкендиктеринен кабардар экенин белгиледи.

Маалымат үчүн:

  • Нурчолпон чыгармачылык чөйрөгө кичине чагынан эле аралашып келет. 5 жыл балдар музыкалык мектебинде скрипка жана гитара адистиги аны менен катар 8 жыл Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган.
  • М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Академиялык вокал жана Музыка теориясы боюнча адистиктерин артыкчылык дипломдору менен аяктаган.
  • К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Композиция факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
  • Жакында Японияда "Otogi Koubou" компаниясы менен эки жылдык музыкалык стажировкадан өтүп келди.
  • Композиторлор союзунун мүчөсү. Жаштардын "АйТентек" операсынын автору, "Эрмен жыты" тасмасынын композитору. Көптөгөн вокалдык жана хордук чыгармалардын автору катары белгилүү.

Белгилесек, Нурчолпон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрүнүн Армиясынын борбордук үйүндө музыкант болуп иштеп жүргөндө ыдыкка кабылганын айтып чыккан. Анын билдирүүсүрөн кийин Бишкек гарнизонунун прокуратурасы иликтөө иштерин баштап, жыйынтыгы менен 3 адам жаза алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15517