Эми жогорку окуу жайга тапшыргандар мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшү керек
RU

Эми жогорку окуу жайга тапшыргандар мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшү керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абитуриенттер жогорку окуу жайларга тапшырууда мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшү керек. Маалыматты Kaktus редакциясына Билим берүү министрлигинен тастыкташты.

Тиешелүү буйрукка министр Догдуркүл Кендирбаева 8-февралда кол койгон.

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бардык абитуриенттер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин өзүнчө ырасташы керек. Бул милдеттүү талап жана абитуриент ЖРТны кайсы тилде тапшырганына карабастан аткарылышы керек. Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы мамлекеттик тил сынагынан өтпөй туруп чыгарылбайт.

Билим берүү министрлиги мындай талап 2023-жылдын июль айында кол коюлган мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык киргизилип жатканын тактады.

Министрликтен кошумчалашкандай, тил боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы кабыл алуу боюнча сынакка таасирин тийгизбейт. Бирок абитуриент кыргыз тили предмети боюнча кайсы тайпага бөлүнүшү керектигин аныктоо үчүн зарыл. Министрлик бул предмет милдеттүү жогорку билим берүү программасына киргизилгенин эске салды.

Былтыр июль айында президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына кол койгон. Жаңы мыйзам мамлекеттик органдарга талаптарды күчөтөт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15529