Бишкектеги шамал. Кайсыл жерде эмне болду? Кесепеттер (сүрөт, видео)
RU

Бишкектеги шамал. Кайсыл жерде эмне болду? Кесепеттер (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта саат 16:30дар чамасында Бишкек шаарында катуу шамал болду. Социалдык тармактарда колдонуучулар катуу шамалдын кесепеттерин чагылдырган фото жана видеолорду бөлүшүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, Элебесов көчөсүндөгү көрнөк-жарнак кулап, жолду тосуп калган. Автобустар, машиналар өтө албайт.

"Азия" дүкөнүнүн чатырын шамал учуруп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын чатыры да кулады.

Түштүк дарбазадагы парктын аймагында эки карагай кулап түшкөн.

Ибраимов көчөсүндөгү үйдүн чатырынан 10 кг салмактагы спутник антеннасы кулады.

А бул Бишкектеги шамал учурундагы асмандын көрүнүшү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15824