Асел Ногойбаеваны кыйноо. Прокурордун апелляциялык арызы канааттандырылган жок
RU

Асел Ногойбаеваны кыйноо. Прокурордун апелляциялык арызы канааттандырылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-апрелде Чүй облустук соту Асел Ногойбаеваны кыйнаган деп соттолгон Азамат Эстебесовдун өкүмү боюнча Сокулук прокуратурасынын арызын карады. Анда облустук сот мурдагы өкүмдү күчүндө калтырганын Kaktus.kg сайтына Ногойбаева ырастады.

"Соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү өзгөрүүсүз калды. Бир эпизод боюнча ал күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 50 миң сом (жалпы 120 миң сом), ал эми жабырлануучуга моралдык материалдык зыян үчүн дагы 500 миң айып төлөөгө милдеттендирди (буга чейин 2 млн сом төлөөгө милдеттендирилген, жалпы 2,5 млн сом болду)", - деди Ногойбаева.

*****

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаева күйөөсү менен ажырашып кеткен, бирок мурдагы жолдошу анын артынан түшкөн. 2023-жылдын январында Асел Ногойбаева милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсү зордуктаганын билдирген. Апрель айында Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов шектүүнү "Зордуктоо" боюнча күнөөлүү деп таап, бирок 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Ногойбаева соттун чечимине каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, соттук отурумдун датасы белгиленген. Бирок сентябрь айындагы кезектеги соттук отурумдун алдында мурунку күйөөсү кол салып, кулагы менен мурдун кесип салган.

Бул чуулуу окуядан кийин Эстебесов "зордуктоо" беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, судья Кыялбек Токтоматов кызматынан бошотулган.

Ал эми кулак, мурдун кесип, кыйноого алганы боюнча 2024-жылдын январында Сокулук райондук соту Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратып, Ногойбаевага моралдык зыян үчүн 2 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү өкүм кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15895