Сузакта мугалим сабалды деген окуя боюнча тергөө жүрүп жатат
RU

Сузакта мугалим сабалды деген окуя боюнча тергөө жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №5 мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими Айжамал Иманова сабалганы айтылган. Учурда мугалимдин баш мээси чайкалган деген диагноз менен ооруканада дарыланууда.

Жабыркаган мугалим 7-каналга окуя 18-апрелде болгонун айтып берген.

"Окуу, тарбия боюнча завуч мени экинчи кабаттагы камерадан алыс кабинетке алып барды. Ал жакта башка мугалимдер, ата-энелер да бар экен. Мени ошол жерден ур-токмокко алышты, бетиме түкүрүп, башыма чапты. Телефонум түшүп кетти, аны алайын дегенде артымдан тепти. Ошондо чыгып кетпесем бар болом же жок болом деп коридорго чуркап чыктым. Милиция чакыргыла деп жаттым. Бирок бир дагы адам "токточу, эмне болуп жатат" деген жок", - деди ал.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Бөлүм башчы Сопубек Сариевдин маалыматы боюнча, мугалим балдарды тергөөгө жөнөткөн.

"Иманова 2024-жылдын январь айында мектеп директорлугунан бошотулуп, райондук билим берүү бөлүмүн сотко берген. Ал директор болуп турганда сабак өткөн эмес, бирок сабак өткөн дедиртүү үчүн 3 баланы тергөөгө жиберген. Балдар тергөөдөн кеч келип, ата-энелери Иманова менен бетме-бет сүйлөшкөнгө келишкен. Ошодой эле ал мугалимдер жамааты менен да тил табыша албай койгон. Айжамал Иманова мурда дагы каржылык бузуулардан улам иштен кеткен. Кийин конкурстан өтүп келгенден кийин жарлыктын негизинде ишке алынган", - дейт Сариев.

Жалал-Абад ОИИБден бул факты "Денеге залал келтирүү" болуп катталып, тергөө иштери башталганын маалымдады.

Башкармалыктан белгилешкендей, 18-апрелде Сузак райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнөн милицияга кабар түшкөн. Анда ошол эле күнү саат 13:50 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы мектептердин биринде 1970-жылы туулган мугалимди окуучулардын ата-энелери сөз талаштан улам уруп койгондугу кабарлаган.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБи тарабынан катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Азыркы күндө окуяга тиешеси бар делген жарандарды тергөөгө камсыз кылуу боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилип, мыйзамдуу чечим кабыл алынат дешет облустук милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16010