Депутат Ысык-Көлдө скутерлерди колдонгондор үчүн жазалоо сунушталды. Мыйзам долбоор
RU

Депутат Ысык-Көлдө скутерлерди колдонгондор үчүн жазалоо сунушталды. Мыйзам долбоор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдүн аймагында скутерлерди колдонууга тыюу салган түзөтүүлөрдү иштеп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Демилгечинин айтымында, акыркы мезгилде жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдө скутерлердин катышуусундагы кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулар арасында адамдар каза болууда.

"Алдыдагы сезондо мындай учурлар катталбайт деген кепилдик жок", - деп белгилейт депутат.

Көлдүн экологиясына скутерлер да терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча күйүүчү майдын калдыктары көл суусуна аралашып жатканын жокко чыгарууга болбойт.

Буга байланыштуу Сулайманов өзгөчө кырдаалдарды кошпогондо, эс алуу же спорттук максатта скутерлерди колдонуу үчүн айып пул салууну сунуштоодо.

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча, Ысык-Көлдүн аймагында рекреациялык же спорттук максатта гидроцикл (скутерлерди) тебүүнү колдонууга тыюу салууну бузуу жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүчтүн (5 миң сом), юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүчтүн (10 миң сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталды.

Бир нече жолу эреже бузулса жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20 миң сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16204