Кыргызстандык дагы бир дзюдочу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды
RU

Кыргызстандык дагы бир дзюдочу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарында дагы бир дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу барат. Маалыматты Kaktus.media сайтына дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов тастыктады.

Башкы машыктыруучунун айтымында, Айбек уулу рейтингдин негизинде жолдомо алуу үчүн кайрылган, бирок акыркы турнирлерде оорунун айынан ийгиликсиз чыгып, жолдомо алуучулардын тизмесине кирүү үчүн 80 упай жетпей калган.

Ага карабай Айбек уулу квота алат, анткени Шеров дүйнөлүк рейтингде алдыңкы бештикке кирип, буга чейин Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган. Ал эми Шеровдун бул жыйынтыгы Кыргызстандын дзюдочуларына кошумча квота алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Биз Кубанычбек лицензия алат, ага кошумча квота болот, ошону менен Кыргызстандан үч катышуучу болот деп пландаганбыз, бирок кадимки сасык тумоо күчөгөндүктөн Кубанычбек жолдомо ала албай, Олимпиадага квота менен барат", - деди машыктыруучу.

Эл аралык федерациянын эрежеси боюнча мекендештеринин арасынан эң жогорку рейтингге ээ болгон дзюдочу квота алат.

Муну менен учурда Кыргызстандын спортчуларынын 14 Олимпиадага жолдомосу болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16240