Чет элдиктер аралашкан окуя. Свердлов райондук милициянын 10 кызматкери иштен алынды
RU

Чет элдиктер аралашкан окуя. Свердлов райондук милициянын 10 кызматкери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Абитов баш болгон дагы 9 кызматкери Бишкектеги 18-майга караган түнү болгон башаламандыкка байланыштуу кызматтан алынды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды.

"Мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин бүгүн өткөн коллегиясында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

18-майдагы башаламандык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы "Массалык баш аламандык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

***

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан.

Төрт күндөн кийин, 17-майда Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде массалык баш аламандыктар башталган. Катышуучулардын так саны белгисиз, бирок 700дөн 1000ге чейин адам катышкан болушу мүмкүн экени айтылууда. Ошол эле маалда социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын бириндеги балдардын мушташып жаткан видеосу тараган.

Чогулгандар таңга маал тарашкан. Андан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев окуч боюнча билдирүү жасап, жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырган болчу. Бул боюнча пакистандык студенттер үн катып, кыргызстандыктарга кайрылуу жасашкан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16243