Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөрдү колдонууга тыюу салынды. Алардын арасында "аконит" бар
RU

Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөрдү колдонууга тыюу салынды. Алардын арасында "аконит" бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөрдү пайдаланууга убактылуу мораторий киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому май айынын аягында кабыл алынган.

Эске сала кетсек, документ буга чейин коомдук талкууга коюлган.

Мамбеталиев муну өсүмдүктөр дүйнөсүн сактап калуу максатында жасалган деп түшүндүрдү. Өсүмдүктөрдүн төмөнкү түрлөрүн пайдаланууга мораторий киргизилген:

  • макротомия (Macrotomia DC);
  • арнебия (Арнебия Форск);
  • күл дарагы (Dictamnus L);
  • аконит (уу коргошун) (Aconitum L);
  • афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch).

"Баарыбызга белгилүү болгондой, жакында эле УКМК менен Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан бул өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз чогултулган фактылары аныкталды. Келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 24 миллион 615 миң сомду түзөт. Токтом тууралуу маалымат таратууга көңүл бургум келет. Себеби, кээ бир жерлерде биздин жарандардын бул токтомдун бар экендиги тууралуу эч кандай түшүнүгү жок", - деп белгиледи Жаратылыш ресурстары министрлигинин биологиялык ресурстар бөлүмүнүн башчысы.

Мамбеталиев ошондой эле токтом кабыл алынганын эске салып, анда өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануу үчүн төлөмдүн ставкалары жана түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартиби белгиленген.

Сүрөт башкы беттеги: kabar.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16609