Дагы эки бейтап уу коргошундун тундурмасына ууланып ооруканада жатышат
RU

Дагы эки бейтап уу коргошундун тундурмасына ууланып ооруканада жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уу коргошун ичип ууланган дагы эки бейтап Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө жатышат. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына оорукана өзү тастыктады.

"Алардын абалы оор эмес. Бирок бул сиз ойлогондой эмес, жок. Алар үй шартында, өз алдынча дарылануу аракетин көрүшкөн. Тундурманы да өздөрү жасашыптыр. Бейтаптардын бирөөсүндө онкологиялык оорусу бар", - деп ооруканадан айтып беришти.

Эске салсак, мындан мурун аконит менен уулануу учур катталган. 63 жаштагы Бишкектин тургуну оор абалда Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген.

  • 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошунду ичип, анын тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө бирге кайнатып жатканын маалымдаган.
  • Андан бир күн мурун Садыр Жапаров Өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер коронавирусту баштапкы стадиясында дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.
  • Президент Садыр Жапаровдун аппараты уу коргошундун тундурмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынада кайнатылат, деп билдирди.
  • Эксперттер бул өсүмдүктү дарылыкка колдонуу өтө кооптуу, беш мүнөттүн ичинде өлүмгө алып келет, деп айгай сала башташты. Активисттер Саламаттыкты сактоо министрине карата кылмыш ишин козгоп, президентке импичмент жарыялоону сунушташты.
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү Aconítum soongáricum (уу коргошун) тууралуу расмий билдирүүсүн таратып, анда клиникалык изилдөөлөрдөн өтө элек препаратты калк арасында кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес, деп жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1359