Өлкөдө биринчи жолу боору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыкты
RU

Өлкөдө биринчи жолу боору алмаштырылган бейтаптар ооруканадан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда биринчи жолу боору трансплантацияланган бейтаптардын абалдары канааттандырарлык болуп, үйүнө чыгарылды. Бул туурасында бүгүн, 10-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барып, боору трансплантацияланган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Консилиум жана бардык керектүү текшерүүлөрдөн кийин эки бейтап тең канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды дешет министрликтен.

Бейтаптар президент Садыр Жапаровго, министр Алымкадыр Бейшеналиевге жана бул операцияга катышкан бардык медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.

"Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал Садыр Жапаровдун колдоосунун жана кыргыз, түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кийинки этаптагы операцияларга бейтаптарды даярдоону улантууда. Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турат. Ага ылайык, төрт реципиентте ылайыктуу донорлор бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Эске салсак, ушул жылдын 10-июнунда Кыргызстанда алгачкы жолу Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Түркия жана Кыргызстандын жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгымдарсыз кымбат баалуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16610