Ошто селден улам свети өчкөн миңдеген абонентке электр энергиясы берилди
RU

Ошто селден улам свети өчкөн миңдеген абонентке электр энергиясы берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында катталган селдин кесепетинен 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 8 электр тирөөчтү сел агызып кеткен. Бүгүн, 16-июлга карата абоненттердин дээрлик баарына жарык берилди.

Энргетика министрлигинен кабарлашкандай, Кара-Суу районунда 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө. Калган миңдеген абонентке электр жарыгы берилди.

Азыркы учурда электр тирөөчтөрү калыбына келтирилип, жаңы тирөөчтөр коюлду. Ошондой эле "Төлөйкөн" көмөк чордонунун Түндүк фидерине чагылган түшкөн, трансформаторду алмаштыруу иштери жасалууда.

Белгилесек, 14-июлда сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кырсыктан 9 адам жабыркап облустук ооруканага кайрылышкан.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан 44 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Кийинчерек, Өзбекстандан 19 жана 10 жаштагы кыздардын жансыз денеси табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16661