УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасынын кармалышынын чоо-жайын айтты
RU

УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасынын кармалышынын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалды. Ал алдамчылыкка шектелип жатканын коопсуздук комитеттен маалымдашты.

Анда айтылгандай, УКМК Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы А.Т.О. өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалгандыгы тууралуу маалыматты коомчулукка жеткирүү зарыл деп эсептейт.

"Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. түрк жараны А.С. менен биргеликте жергиликтүү ишкердин ишеничине кирип, алдоо жолу менен ири суммадагы акчасын ээлеп алганы такталган. Жабырлануучу арыз менен УКМКга кайрылган.

Туугандык жакын мамилеси бар экендигине карабай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев объективдүү иликтөө жүргүзүп, бардык күнөөлүүлөрдүн аракеттерине укуктук баа берүүнү тапшырган", - дешет комитеттен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ташиевдин бажасы А.Т.О. жана анын шериги А.С. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп, анын алкагында жабырлануучуга компенсация төлөп берүү чаралары көрүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай фактыларга бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16685