"Жапаров менен Ташиевдин жардамчысымын" деген киши кармалды
RU

"Жапаров менен Ташиевдин жардамчысымын" деген киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын пайдаланып, алдамчылык кылганга шектүү кармалды. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, 1978-жылы туулган А.Т. аттуу жаран өзүн президенттин жана УКМКнын төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык жолу менен 80 миң доллар акчаны ээлеп алган. Жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, 2024-жылдын февраль айында А.Т. башка кылмыш иши боюнча материалдык зыяндын ордун толтурууга жардам берүүнү убадалап, жабырлануучудан 80 миң доллар алган. Бирок акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде шектүү ИИМдин ыкчам кызматкерлери жана Тергөө кызматынын тарабынан кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

ИИМден жогорудагы жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт: 0707 868 668, 0701198219, 0779 443 455 же 0312 266 261.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16690