Ошто селден улам каза болгон аялдын артында 7 баласы калды
RU

Ошто селден улам каза болгон аялдын артында 7 баласы калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарында жана Ош облусундагы селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери каза болгондордун жакындары менен жолугушкан. Учурда маркумдардын туугандарына юридикалык жардам көрсөтүлүп жатат.

Каза болгон аялдын артында жети баласы калды, алардын алтоо жашы жете элек балдар.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери акысыз психологиялык жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүшүүдө.

"Институттун кызматкерлери селден жабыркагандар менен жолугушууларды өткөрүп, аларга мамлекеттен жардам алуу укуктарын түшүндүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары институттун кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын селден жабыркагандарга которору маалымдалды.

Эске салсак, 14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош шаарында сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы жээктен ашып кеткен. Ошол эле күнү Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ош облусунун дагы бир нече калктуу конуштары жабыркап, кырсыктан беш адам каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16692