3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү мыйзамына кол коюлду. Алуунун шарттары
12
Президент Садыр Жапаров 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун мыйзамдаштырды. Тиешелүү документке өлкө башчы кол койду.
Ага ылайык, ушул жылдын 1-июлунан тарта ар бир балага үч жашка чыкканга чейин ай сайын 1200 сом төлөнөт. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет.
- "Бала ырысы" жөлөк пулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат;
- төлөмдүн бул түрү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөк пулун алган жарандардан башкасынын баарына төлөнөт;
- эгиз же үч эм төрөлсө, ар бир балага өзүнчө дайындалат;
- жөлөк пулду алуу үчүн бала менен ата-эне чогуу жашашы керек;
- арыз бала үч жашка чыкканга чейин берилиши зарыл;
- эгер акча алты ай бою алынбаса, төлөм токтотулат.
Мыйзамдын максаты - эрте курактагы балдардын тамактануусун жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 29-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17882
