VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү да, көкпар да ойнолот
Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар дагы ойнолот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Урмат Асанбаев Kaktus.media сайтына билдирди.
Анын айтымында, Министрлер кабинети тарабынан бекитилген VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосу 100дөн ашык өлкөгө алдын ала таратылган. Жободо көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өткөрүлөт деп так көрсөтүлгөн. Мелдештерге катышууну пландап жаткан өлкөлөр өз командаларын ушул жобого ылайык даярдап жатышат.
"2026-жылкы оюндарда эки спорт түрүн бириктирүү жөнүндө сөз болбойт, бул тема жабык", - деди Асанбаев.
Буга чейин 28-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар оюндарын бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.
