Баланы бош орундар бар мектептерге каттоо башталды
RU

Баланы бош орундар бар мектептерге каттоо башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Агартуу министрлиги бүгүн, 1-июнда биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталганын билдирет.

Белгиленгендей, бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерди тандап, балдарын каттай алышат.

Арызды 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле "Түндүк", MegaPay жана башка банктык тиркемелер аркылуу онлайн түрдө берүүгө болот.

Каттоо толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт. Ата-энелерден мектепке барып документ тапшыруу талап кылынбайт.

Белгилесек, быйыл 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17915