Түркияда кыргыз жараны кармалды. ТИМдин маалыматы
76
Түркияда Кыргызстандын жараны кармалды. Анын кармалышы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Маалыматта бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө турганы айтылат.
"Элчилик Э.С. аттуу жаранга жардам көрсөтүү, ошондой эле анын кармалышынын жагдайларын жана себептерин тактоо максатында Түркиянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", - дешти ведомстводон.
"Азаттыктын" маалыматы боюнча, Э.С. түрк бийлиги террордук уюм деп тапкан Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы менен байланышы бар деп шектелүүдө.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17956
