"Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу июлда башталат
RU

"Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу июлда башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлда башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Белгилесек, ушул жылдын 21-майында президент Садыр Жапаров "Бала ырысы" аттуу жөлөк пулун киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки 440-470 миң бала бул жөлөк пулду алууга укуктуу болот.

Программаны ишке ашырууга мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландоодо. Анын ичинде программа 2026-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргенине байланыштуу ушул жылы болжол менен 3,1 миллиард сом талап кылынат.

Жөлөк пул дайындоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар "Түндүк" тиркемесинде болот. Бул төлөмдөрдү алуу жол-жобосун кыйла жөнөкөйлөтүп, көп сандагы документтерди чогултуу зарылдыгын жоёт.

Ошондуктан жарандарга жеке маалыматтарын өз убагында жаңыртып туруу сунушталат. Башкача айтканда, үй-бүлөгө тиешелүү бардык маалыматтарды санариптештирүү зарыл.

Бул жөлөк пулдарды ыкчам дайындоону жана мамлекеттик колдоону натыйжалуу көрсөтүүнү камсыздайт", - дешет министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17922