Унаанын терезелерин караңгылатууну 15 миң сомго арзандатуу сунушталды
Министрлер кабинети унаанын алдыңкы каптал терезелерин арзандатылган тариф менен караңгылатууга мүмкүндүк берүүчү токтом долбоорун талкууга чыгарды.
Ага ылайык, 10-июндан 10-июлга чейин атайын акция өткөрүү сунушталууда. Көрсөтүлгөн убакыттын ичинде жеңил унаалардын, жол тандабастардын (электромобилдерди кошпогондо) ээлери убактылуу төмөндөтүлгөн тарифтерден пайдаланууга укуктуу болушат.
Документке ылайык, акциянын алкагында баа 15 000 сомго (150 эсептелген бирдик) арзандайт:
- жеке жактар үчүн - 50 000 сомдун ордуна 35 000 сом;
- юридикалык жактар үчүн - 70 000 сомдун ордуна 55 000 сом;
- чет элдиктер үчүн - 90 000 сомдун ордуна 75 000 сомго чейин.
Мыйзам долбоорун Президенттин Иш башкармасы иштеп чыккан. Демилгечилер бааларды убактылуу төмөндөтүү боюнча буга чейинки практика абдан натыйжалуу болгонун белгилеп, кыска мөөнөттүү арзандатуулар суроо-талаптардын кескин көбөйүшүнө алып келип, терезелерди караңгылатууну мыйзамдаштырып, мамлекеттик кирешелерди бир топ көбөйтөт деп белгилейт.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
