Россияга кирүүнүн жаңы эрежелеринин жол-жобосу
RU

Россияга кирүүнүн жаңы эрежелеринин жол-жобосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 1-июлунан тартып Россияда КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы талаптар боюнча жарандарга эскертет.

Россия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • App Store же Google Play аркылуу "RuID" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
  • Паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;
  • Сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;
  • Жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
  • Кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.

Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин кеминде 4 саат мурда тапшырууга жол берилет.

Муну менен катар Россия Федерациясына кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясынан өтүү талабы күчүндө калат. Ал жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулары үчүн Россияда убактылуу болуу мөөнөтү узартылганы белгиленет.

Эгерде алар Россия Федерациясына кирүүнүн жана өлкө аймагында жүрүүнүн (же жашоонун) максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.

Министрлик Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгү же билим алуу максатында барууну пландаштырган жарандарга жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, "RuID" тиркемеси аркылуу каттоодон өтүүнү сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17927