Индияда мейманканада өрт чыгып, 21 адам каза тапты. Арасында кыргызстандыктар бар
Индиянын Нью-Дели шаарындагы Florist Inn мейманканасында өрт чыгып, 21 адам каза тапты. Анын ичинде Кыргызстандын 3 жараны болгон деп билдирет Тышкы иштер министрлигинен.
Маалыматтарга караганда, кырсык 3-июнда эртең менен болгон. Өрт тез эле жалындап, үстүңкү кабаттагы адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук жараткан. Кырсыктан каза болгондордун арасында - 1976-жылы туулган Х.Н., 2003-жылы туулган Х.Т., 1950-жылы туулган К.М. аттуу кыргыз жарандары бар.
Индиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында келишкен.
Учурда каза болгон жарандардын туугандарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, сөөктөрдү мекенге жеткирүү, документтерди тариздөө маселелери иштелип жатат дешет ведомстводон.