Мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдун уулу Алматынын тергөө абагында
RU

Мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдун уулу Алматынын тергөө абагында

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун (Даниил Урицкий) уулу Урмат Үсөнов Алматыдагы №18 тергөө абагында кармалууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына маалымат булактары билдиришти.

Алардын айтымдарында, Үсөнов кальян тамекисин мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген. Бул иш боюнча дагы эки кыргыз жараны - Э. Ж. жана А. Н., ошондой эле казак жараны Б. А. айыпталууда.

Аларга "Трансулуттук уюшкан топту же трансулуттук кылмыштуу уюмду түзүү, ушул сыяктуу же анын бөлүмдөрүн башкаруу жана аларга катышуу", ошондой эле "Кылмыштуу топ тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракетти уюштуруу" беренелери боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматында келтирилген зыян 26 миллион теңгеден ашып, мыйзамсыз делген тамекинин жалпы көлөмү 1,6 тонна экени айтылат.

Сот бардык айыпталуучуларды камакка алуу чечимин чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17942