Быйыл Эгемендүүлүк күнү ишембиге туура келет. Кошумча эс алуу болобу?
RU

Быйыл Эгемендүүлүк күнү ишембиге туура келет. Кошумча эс алуу болобу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү - 31-август эс алуу күнүнө туура келет. Бирок ал үчүн сентябрь айында кошумча эс алуу болбойт дешет Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен.

2024-жылдын өндүрүш календарына ылайык, 31-август ишембиге туура келгендиктен, майрам күнү иш күнүнө котрулат. Ага ылайык, 2-сентябрь эс алуу күнү болушу керек. Бирок 2-сентябрдагы кошумча эс алууну кыргызстандыктар январь айында эле пайдаланышкан дешет мекемеден.

Министрликтин дем алыш күндөргө туш келген майрам күндөрүн иш күнүнө которууну жокко чыгаруу боюнча сунушу келерки жылдан тарта гана күчүнө кирери белгилүү болду.

Белгилесек, кыргызстандыктар жыл жаңырары менен бир апта бою – 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16731