2024-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрдүн календары бекитилди
RU

2024-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрдүн календары бекитилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрү боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин графигин жактырып, токтомго кол койду.

2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күндөрү болуп которулсун:

  • 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 27-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 2-мартындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө.

2024-жылдын 21–24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын 22-мартындагы иш күнүнө которулсун;

2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:

  • 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-майындагы иш күнүнө;
  • 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-майындагы иш күнүнө.

2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт дем алыш майрам күндөрү болсун. Муфтияттан редакцияга билдиришкендей, Курман айт менен Орозо айттын так датасы айга карап белгиленет.

Беш күндүк иш графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталды. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15207