Ошто милиция митингдин төрт катышуучусун кармап кетти
RU

Ошто милиция митингдин төрт катышуучусун кармап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош мэриясынын жанында өткөн митингдин төрт катышуучусу кармалды. Бул тууралуу ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилесек, Ош шаарында айрым соодагерлер борбордук базарды башка жерге көчүрүүгө каршы болуп акцияга чыгышууда. Бүгүн, 22-июлда шаардык мэриянын жанына нааразы адамдардын тобу чогулган. Кийинчерек митингге чыккан төрт аял кармалганы белгилүү болгон.

Милициядан редакцияга билдиришкендей, чогулгандардын арасында бир нече адам башкаларды баш аламандыкка чакырып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Базардын төрт кызматкери сурак берүү үчүн милицияга жеткирилген.

14-июлдагы селдин кесепетинен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына жакын жайгашкан борбордук базар жабыркаган. Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен базар башка жерге көчүрүлөт, бирок айрым ишкерлер эски базарда иштөөгө убактылуу уруксат сурап митингге чыгышты. Ош мэриясы жаңы базар курулганга чейин ишкерлер эки ай эски базарда соода кыла берерин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16734