Ош шаарында жаңы базардын курулушу кызуу жүрүүдө. Сүрөт
RU

Ош шаарында жаңы базардын курулушу кызуу жүрүүдө. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында муниципалдык жаңы базардын курулушу башталды. Мэриядан кабарлашкандай, Б.Осмонов көчөсүнө түшүп жаткан жаңы базардын курулуш иштерин шаар мэри Бакытбек Жетигенов көрүп чыкты.

Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда.

"Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган. Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду ачуу каралган. Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт", - деше Ош шаардык мэриясынан.

Эске салсак, 14-июлдагы селдин кесепетинен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына жакын жайгашкан борбордук базар жабыркаган. Министрлер кабинети базарды башка жерге көчүрүү тапшырмасын берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16776